ЖМТИнин директору жана студенттери Global Student Forum 2026 форумуна катышты
ЖМТИнин директору Улан Керимов жана 2-курстун студенттери Умар Темирбеков менен Элдос Абдрахманов Шерхан Муртаза атындагы Тараз университетиндеги эл аралык форумга катышышты; андан кийин КМУда форумдун катышуучулары менен жолугушуу өттү.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Акылбек Шаршенбаев, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов жана студенттер Умар Темирбеков менен Элдос Абдрахманов Мустафа Шерхан “Global Student Forum 2026” эл аралык форумга катышты.
Форум Казакстан Республикасынын Шерхан Муртаза атындагы Эл аралык Тараз университети тарабынан уюштурулуп, анын жүрүшүндө доклад жасоо, илимий макалаларды жарыялоо, ошондой эле стартап-долбоорлорду иштеп чыгуу жана коргоо багыттарында өз билимдерин жана тажрыйбаларын көрсөтүштү.
Эл аралык форум студенттердин илимий-изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, инновациялык идеяларын ишке ашырууга, стартап демилгелерин колдоого жана ар кайсы өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “GLOBAL STUDENT FORUM – 2026” эл аралык форумуна катышкан университеттин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга КМУнун окуу иштери боюнча проректору Самат Жумалиев, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Акылбек Шаршенбаев, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов жана аталган институттун 2-курсунун студенттери Умар Темирбеков менен Элдос Абдрахманов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө форумдун алкагында өткөн иш-чаралар, талкууланган темалар жана эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуунун мааниси тууралуу маселелер талкууланды.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.






