ЖМТИнин ОКББ бөлүмүндө жумалык жыйын өттү
Жыйында төлөмдөрдү көзөмөлдөө, модулдарды өз убагында коюу, тарбиялык иштер, сабактардын сапаты, конференцияларга катышуу жана аккредитацияга даярдык каралды.
11.11.2026-жылы Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө жумалык жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- студенттердин контракттык төлөмдөрүн көзөмөлдөө;
- модулдарды өз убагында коюу;
- студенттер менен тарбиялык багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- сабактардын өз убагында жана сапаттуу өтүлүшүн камсыз кылуу;
- алдыда өтө турган конференцияларга активдүү катышуу;
- жакында боло турган аккредитацияга биргеликте даярдык көрүү.
Жыйындын негизги максаты — окуу-тарбия иштеринин сапатын жогорулатуу жана бөлүмдүн алдыдагы иш-пландарын биргеликте талкуулоо.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.




