«Miss ЖМТИ 2026» сынагы
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студент кыздарынын арасында 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө арналган «Miss ЖМТИ 2026» сынагы өттү. Иш-чарага ЖМТИнин директору Улан Керимов…
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студент кыздарынын арасында 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө арналган «Miss ЖМТИ 2026» сынагы өттү.
Иш-чарага ЖМТИнин директору Улан Керимов, окутуучулар жана студенттер катышты. Аялдарга арналган ырлар жана көркөм окуулар тартууланды.
Сынактын максаты — студент кыздардын талантын, чыгармачылыгын жана коомдук активдүүлүгүн көрсөтүү, алардын өзүнө болгон ишенимин, лидердик сапаттарын жана сахналык маданиятын өнүктүрүү, студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө жана жаштардын чыгармачылык потенциалын колдоо.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.









