Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Студенттик жашоо / Окуудан тышкаркы иш· 1 мүн окуу

ЖМТИнин студенттери «Аяр» реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери студенттик парламенттин мүчөлөрү менен бирге Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн «Аяр»…

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
ЖМТИнин студенттери «Аяр» реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери студенттик парламенттин мүчөлөрү менен бирге Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык борборунда кайрымдуулук акциясын уюштурушту.

Борборго материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлүп, студенттер даярдаган концерттик программасын тартуулашты, ошондой эле борбордун айланасын тазалап, көрктөндүрүштү.

Акция студенттердин социалдык жоопкерчилигин, ырайымдуулугун жана гуманизмин калыптандырууга өбөлгө түздү.

Сүрөттөр

Тегдер

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Facebook'тогу пост ↗

// tail ./news

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар →
«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
#Мероприятия#Наука

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду

Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
#Искусственный интеллект#Конференции

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады

ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
#Награды#Студенты

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды

КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.