«3D моделдөө» тренинг-семинары
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде IT-декаданын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «3D моделдөө» тренинг-семинары өттү. Сабак студенттердин…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде IT-декаданын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «3D моделдөө» тренинг-семинары өттү.
Сабак студенттердин логикалык жана алгоритмдик ой жүгүртүүсүн, маалыматтык компетенттүүлүгүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Иш-чаранын максаты — студенттердин 3D моделдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу, чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, Blender программасынын интерфейси менен тааныштыруу жана жөнөкөй анимация түзүүгө үйрөтүү.
Иш-чара ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



