Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Администрация / Расмий· 1 мүн окуу

Стамбул университетинде жолугушуу: кызматташтык келишими талкууланды

И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун директору Максатбек Койчуманов жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Стамбул университетинин экономика факультетинин…

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Стамбул университетинде жолугушуу: кызматташтык келишими талкууланды

И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун директору Максатбек Койчуманов жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Стамбул университетинин экономика факультетинин деканы Махмут Жүнейт Йенигүн жана декандын орун басары Эбубекир Моллаахметоглу менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө келишим түзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле жаш окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Сүрөттөр

Тегдер

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Facebook'тогу пост ↗

// tail ./news

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар →
«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
#Мероприятия#Наука

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду

Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
#Искусственный интеллект#Конференции

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады

ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
#Награды#Студенты

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды

КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.