Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Керимов Улан Турсунбекович

// Профиль

Керимов Улан Турсунбекович

  • Доцент
  • т.и.к., доцент
  • 323-каб.
Байланышты сактоо

Байланыш

Окутуучу жөнүндө

2004-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун «Математика жана информатика» адистигин аяктап, «Математика жана информатика» адистиги боюнча окутуучу квалификациясына ээ болгон (диплом CD № 040041321, 07.08.2004-ж.).2005–2008-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу» багыты боюнча аспирантурасында билим алган.2014-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун «Менеджмент» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.


Эмгек жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү:2004–2009-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.2009–2010-жылдары Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда окуу иштери боюнча инспектор кызматын аркалаган.2010–2017-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Колдонмо информатика кафедрасында ага окутуучу болуп иштеген.2017–2021-жылдары аталган кафедрада доценттин милдетин аткаруучу кызматында эмгектенген (буйрук № 01-09-2017).2022-жылдан тартып азыркы учурга чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу болуп иштеп келет (буйрук № 03-6/151).2023-жылдан тартып азыркы учурга чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору кызматын аркалап келет.

Илимий кызыкчылыктар

Илимий изилдөөлөрдө эсептөө техникаларын, математикалык моделдөөнү жана математикалык методдорду колдонуу

sp.init.kg порталындагы илимий профиль

басылма
11
sp.init.kg порталында ачуу

Маалыматтар ЖМТИнин илимий порталы менен шайкештирилет