
Окутуучу жөнүндө
БИЛИМИ
1993–1999-жж. — Кыргыз техникалык университети. Өндүрүштү автоматташтырып башкаруу факультети (ФАУП), Автоматташтырылган башкаруу кафедрасы (АУ). Дипломдуу инженер квалификациясы.
ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
2023-жылдан азыркы учурга чейин — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө алгоритмдештирүүнүн негиздери жана программалоо дисциплиналары боюнча окутуучу.
2021-2023- жж. — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык колледжинин Информатика жана дизайн бөлүмүндө информатика жана программалоо дисциплиналары боюнча окутуучу.
2007–2012-жж. — Бишкек почтамтынын Контролдоо жана маалыматтык технологиялар борборунда инженер-технолог.
2001–2007-жж. — Кыргыз техникалык университетинин Автоматташтырылган башкаруу кафедрасында окутуучу.
1999–2001-жж. — Кыргыз улуттук университетинин Маалыматтык технологиялар жана программалык камсыздоо кафедрасында инженер жана окутуучу.
Илимий кызыкчылыктар
Программалоону окутуу; Объектке багытталган программалоо; Интерактивдүү билим берүү технологиялары; Чат-ботторду окутууда колдонуу; Визуалдык моделдөө; Программалык инженерия; Заманбап IT-методика.
sp.init.kg порталындагы илимий профиль
- басылма
- 0
Маалыматтар ЖМТИнин илимий порталы менен шайкештирилет